Жаңы Ак үйдүн айланасындагы объектилер боюнча маселе кайра каралат

Министрлер кабинети былтыр курулуп жаткан Ак үйдүн жарым чакырым радиусуна жаңы объект курууга, бир чакырым тегерегинде 10 метрден бийик имараттардын салынышына тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жаңы президенттик администрация имаратынын айланасында курулуп калган объектилер боюнча маселени кайра кароого жол ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, министрлер кабинети 2023-жылдын 10-октябрында №540 токтомун кабыл алган. Анда Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дарегинде жайгашкан жаңы президенттик администрациянын имаратынын 500 метр радиус аралыгында жаңы имараттын курулушуна жол бербөө жана бир чакырым радиус аралыгында бийиктиги 10 метрден объект долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүлөргө тыюу салынган.
"Кайрылуулардын негизинде бул атайын талаптар күчүнө киргенге чейин келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында Бишкек мэриясы тарабынан министрлер кабинетинин токтомунун долбоору демилгеленди. Анда аталган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жана атайын талаптар киргизилген учурда курулуп жаткан, бирок пайдаланууга берилбеген же курулуп жаткан имараттарга, ошондой эле жеке турак жай имараттарын курууга (он метрден ашпаган) байланышкан маселелерди чечүү сунушталган", — деп жазылган маалыматта.
Мындан улам министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна 4-июлда өзгөртүү киргизилген. Ал компетенттүү органдарга жаңы Ак үйдүн айланасындагы курулуштарга уруксаттарды жаңыртуу жана аяктаган объектилерди эксплуатацияга берүү маселелерин кароого мүмкүндүк берет.
Курулуш ишмердүүлүгү үчүн берилчү лицензиянын баасы жогорулады