Тажикстандан баңгизат ташуу каналын уюштургандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өзбекстан менен Кыргызстанда сатуу үчүн Тажикстандан баңгизат ташыган канал бөгөттөлүп, уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кылмышка шектелип Ош облусунун 64 жаштагы У.Д.У., 63 жаштагы Ж.Х.Т. жана У.Б.Ч. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Кармалгандарга тиешелүү жайларды тинтүү учурунда жети килограмм баңгизат табылган.
Белгилүү болгондой, схеманы У.Д.У. уюштурган. Ал эми Ж.Х.Т. (мурда баңгизат сатканы үчүн соттолгон) аттуу жарандын үйүндө сакталып, Ошто жана Өзбекстанда сатуу максатында таңгакталган.
Кармалгандарга тиешелүү жайларды тинтүү учурунда жети килограмм баңгизат табылган. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Чүйдө жана Бишкекте үч баңгизат лабораториясы аныкталды. Видео