Таштандыны туура эмес жерге ыргыткандарга айып салынат! Мэриянын эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы туура эмес жерге таштанды ыргыткандар айыпка жыгыларын эскертти.
"Таштандыны атайын урналарга гана салуу керек. Же болбосо аны алып кетүү үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын техникасы барган күндөрү гана сыртка чыгаруу зарыл", — деп жазылат маалыматта.
Таштандыны туура эмес ыргыткандарга 5000 сомдон (жеке жактар) 17 000 сомго чейин (юридикалык жактар) айып салынат.
Өндүрүш, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге таштагандар 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып пул төлөйт.
Медициналык калдыктарды таштандыдай ташып, полигонго ыргыткандар аныкталды