Радио

Абдраимов: эстелик тургузуунун өзүнүн тартиби бар

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Самат Абдраимов Кыргызстандын аймактарындагы эстеликтердин долбоору жана аны орнотуу атайын комиссия тарабынан көзөмөлдөнөрүн айтты.
Sputnik
Мамлекеттин өнүгүшүнө зор салымын кошкон, тарыхта өзгөчө орду бар инсандарга алардын эмгегин унутпай түбөлүк даңазалоо максатында эстелик тургузулат. Бул тууралуу Самат Абдраимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук жайда орнотулган бардык эстелик министрликтин алдындагы көркөм кеңештен өтүп, бирдиктүү тартипте болушу шарт.

"Адамдын элесин акча банкноталарына түшүрүп, портретин чыгарып, мемориалдык такта орнотуу жана көчөлөргө ысымын берүү сыяктуу эстеликтин көп түрү бар. Баары министрликтин алдындагы көркөм кеңештен өтүп, бирдиктүү тартипте болушу шарт. Тилекке каршы, соңку жылдары эрежелер сакталбай орнотулуп жаткан эстеликтер көп. Аны алдын алуу же бирдей тартипке келтирүү максатында 2024-жылы министрлер кабинетинин токтому менен "Кыргызстандын аймагындагы эстелик, стелла, обелиск жана мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө" жобо бекитилген. Анда өлкөдөгү айкелдерди долбоорлоо жана орнотуу процесстери жөнгө салынат. Жабык аймактардагы эстеликтер көзөмөлдөнбөйт. Ал эми коомдук жайларда, көчөлөрдө, парктарда, скверлерде, аллеяларда эстеликтерди тургузууда бирдей тартип бар. Айылдарда же болбосо шаарларда эстелик орнотууга демилгечи тараптан, жарандардан сунуш келип түшкөн болсо, ошол аймактагы атайын комиссиялар тарабынан каралат. Алар орнотулуп жаткан айкелдин жерин, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбестигин, каржы жагын жана башкаларын аныктайт. Мисалы, көрүнүктүү ишмердин эстелигин тургузуу боюнча чечим чыккан болсо комиссия алгач конкурс жарыялайт. Анын негизинде эң мыкты эскиздер келет. Андан соң бекитилип, өкмөткө караштуу "Көрүнүктүү кишилердин элесин түбөлүккө калтыруу" боюнча комиссияга кароого жөнөтүлөт. Ал жактан эстеликти орнотуу же орнотпоо боюнча акыркы чечим кабыл алынат, — деди Абдраимов.

Адис эстеликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу же шаардык мэриялардын реестрине кабыл алынгандан кийин алар тарабынан корголорун кошумчалады.