Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операция: Польша Украинаны абадан калкалоого ниеттенип жатат

Польша менен Украинанын жаңы келишими Киевди чалгын маалыматтары менен бөлүшүүгө мажбурлайт, Украинанын батышынан учкан россиялык ракеталар менен дрондорду эми Польша атып түшүрө алат. Тагыраагы, НАТО аскеринин атайын операция жүргөн аймакка киришине жол ачылууда.
Sputnik
Келишимге 8-июлда кол коюлган. Документте узак мөөнөттүү аскердик жана финансылык жардам, украин жоокерлерин окутуу жана курал-жарак жеткирүү каралып, Варшаваны Киев тараптан согушка аралашууга милдеттендирбегендей көрүнөт. Украина буга чейин деле батыштык союздаштары менен ушул сыяктуу келишимдерди түзүп келген. Польша эки жылда Украинага 4 миллиард евролук аскерий жардам көрсөтүп, мындан ары да кол үзбөй турганын убадалоодо.
Келишим боюнча Варшава төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болот:
Польшаны көздөй учурулган россиялык ракеталар менен дрондорду жок кылуу;
Украинага МиГ-29 истребителдерин берүү (14 самолет);
Польшанын аймагында украиналык качкындардын эсебинен Куралдуу күчтөрдүн резервин түзүү.
Мында баарынан Варшаванын Батыш Украинаны абадан калкалоо аракети кооптуу, анткени бул НАТО менен Россиянын түз кагылышуусун шарттайт. Польшанын Patriot зениттик-ракеталык комплекстери Украина менен болгон чек арасынан 160 чакырым аралыктагы бутаны атып түшүрүүгө жөндөмдүү, мындай көрүнүш абалды ого бетер чыңалтып жибериши толук ыктамыл.
Польшанын калкалоосу менен НАТО аскерлеринин Украинанын Луцк, Львов, Ивано-Франковск, Ужгород аймактарына кирерин айтпай тек койгондо да Россия Куралдуу күчтөрүнүн жообу өтө катаал болоруна көз жумууга болбойт.
Ал арада АКШ башында турган жамааттык Батыш Украинага жардамдын улам жаңы пакетин даярдап жеткирүүдө. НАТОнун аскер өнөр жай комплекси жаңысын чыгаргыча Россия улам келгенин жок кылып жатат. Маселе ушунда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Киев АКШ берген курал менен Россияга сокку урууга уруксат алууну көздөөдө