Радио

Камкорчусунан айрылган балдарга пенсия төлөө мөөнөтү узартылды

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов пенсияга чыгууда эмгек стажын эсептөөгө киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу айтты.
Sputnik
Мурда камкорчусунан айрылган балдарга төлөнүүчү пенсия 16 жашка чейин берилип, андан кийин окууга тапшырган учурда гана узартылчу. Эми окубаган учурда деле 18 жашка чейин эч кандай кошумча документ талап кылынбай бериле бере турган болду. Ал эми окуу жайга тапшырган учурда 23 жашка чейин пенсия ала берет. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, камкорчусунан айрылган баланын мектептен кийинки билим алуусун кандай формада улантып жатканы каралбайт.
"Пенсиялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн дагы бири, III топтогу майыптардын камсыздандыруу бөлүгү ушул айдан тарта 100 пайыз өлчөмүндө берилет. Мурда алар ишке жарамдуу деп эсептелип, 50 пайызы гана төлөнүп келген. Ал эми базалык бөлүгү 50 пайыз гана төлөнөт деген эреже калтырылды. Курагы боюнча пенсия чектөөдө эркектер үчүн 1996-жылга чейинки стажы 17 жыл, аялдар үчүн 12 жыл деп эсептелип, андан кийинкиси беш жылга жетсе эле толук эмгек стажы катары каралып, пенсияга курагы жеткен учурда чыгууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Муну эч кандай документ менен тастыктоо талап кылынбагандыктан белек катары берилип жатат десек да болот. Кийинки жылдан тарта бул бир пайызга төмөндөп отурат. Анткени 1996-жылга чейинки эмгек стажы бир жылга кыска болот да. Биздин эсептөөлөр боюнча, мындай эреже 1977-78-жылдары туулган жарандар менен жыйынтыкталат. Андан кийинкилердин пенсиясы жүрүп отуруп талап кылынуучу 20-25 жылга барып калат. Башкача айтканда, азыр биз талап кылган беш жылдык эмгек стажы 2040-жылдары 20 жылга өсүп жетет. Ушуну менен катар эле азыркы системага ылайык эмгек стажы эмес, жеке эсебине төккөн төгүмдөрү маанилүү болуп калат. Бара-бара жаран иштеп жүрүп иштебей калса деле жеке эсебине которгон төгүмдөрү жогору болсо көп пенсияга чыгат", — деди Мукамбетов.
Ал кыргызстандыктарды иштеп жаткан учурда пенсиялык төгүмдөрү кандай жүрүп жатканын "Түндүк" тиркемеси аркылуу текшерип турууга чакырды.