Нефтетрейдерлер: унаа газы боюнча абал жакшырды, бирок кезек күткөндөр көп

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси июнь айында автогаз ташылбай, абалдан чыгууга топтогон запастар жардам бергенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өлкөгө унаа газын ташуу жанданды, анткен менен айрым май куюучу бекеттерде кезек күткөндөр дагы деле арбын. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске салсак, өлкөгө газ Россиядан импорттолот. Эки аптадай мурда анын тартыштыгы байкала баштаган. Буга Россия темир жолдорунда вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам ташып келүүчүлөр газды өз убагында жөнөтө алышкан эмес. Нефтетрейдерлер маселени чечүүнү убадалашканы менен соцтармактарда май куюучу жайларда кезек күткөн видеолор чыгып жатты.
"Россия темир жолдорунда вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам кээ бир ишканаларда автогаз түгөнүп, айрымдары аны ташып келүүгө үлгүрбөй калышты. Мындан улам унаалар көп болгон жерлерде узун кезектер пайда болууда", — деди Эшатов.
Ал белгилегендей, азыр июнь айынын аягына салыштырмалуу абал жакшырган: ал мезгилде ташып келүү токтоп, абалдан чыгууга топтогон запастар жардам берген.
"Азыр вагондор келип, газ тез эле "куюлуп" жатат. Бирок айрым май куюучу бекеттерде кечигүүлөр болууда. "Россия темир жолу" көйгөйдү чечсе эле маселе жаралбайт, — деп убадалады Эшатов.
Май куюучу жайларда газ үчүн узун кезектер жаралды. Маселе качан чечилет