Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: НАТО Россиянын жеңишине жол бере албайт

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. НАТО Украина менен жаңжалдашып жаткан Россиянын жеңишине жол бере албайт, анткени бул биригүүгө чоң кооптуулук жаратат. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун Вашингтондо өтүп жаткан саммитинде айтканын РИА Новости жазды.
"Россиянын Украинадагы жеңиши ири коркунуч болот. Биз буга жол бере албайбыз", — деген ал жыйындын салтанаттуу ачылышында.
Столтенбергдин айтымында, украин жаңжалы акыркы он жылдыктарда коопсуздукка келтирилген чоң кооптуулук болуп саналат. Москванын жеңиши Иран, Түндүк Корея жана Кытай сыяктуу НАТОнун каршылаштары үчүн стимул болуп берери айтылды.
The Hill: НАТО Москва менен Пекинден улам жок болушу мүмкүн