Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден НАТО космостогу аймагын да коргоого даяр экенин айтты

Өлкө башчысы сүйлөп жатып, дагы жаңылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. НАТО мамлекеттери өз жеринин "ар бир дюймун", керек болсо космостогу территориясын да коргоого даяр. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден Вашингтондо өтүп жаткан НАТО саммитине кайрылып жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Биз агрессияга жол бербейбиз, НАТО аймагынын ар бир дюймун жерде да, сууда да, кибераймак менен космосто да коргойбуз, колубуздан келет", — деген өлкө башчы.
Эскерте кетсек, НАТО саммити шейшемби күнү башталган. Бул — учурдагы башкы катчы Йенс Столтенбергдин төрагалыгы алдында өткөн акыркы жыйын. 1-октябрдан тарта аны бул кызматта Нидерландиянын экс-премьер-министри Марк Рютте алмаштырат.
Аталган саммитте альянстын Украинадагы жаңжалга көбүрөөк аралашуусуна жана блокту күчөтүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуу каралган. Мындан тышкары, Россия менен Кытай жактан "жаралып жаткан" кооптуулуктарга каршы туруу багыты аныкталган.
Байден сүйлөп жатып жаңылып да кетти.
"Путин Украинаны биротоло багындырып алуу ниетинде. Украин демократиясын, Уран маданиятын жок кылууну көздөп жатат", — деди президент.
Анткен менен жаңылганын сезип, кайра "украин маданиятын" деп сөзүн оңдоп кетти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Россия НАТОнун саммитинен тынчтык тууралуу бир дагы сөз уккан жок