Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин кармалганы тастыкталды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит кармалганын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцбаракчасы аркылуу тастыктады.
Кабарда анын эмнеге шектелип колго түшүрүлгөнү айтылган эмес.
"Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды ("крыша") табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш-аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми бул жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат", — деп билдирди Алагөзов.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчынын инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда ӨКМдин учагы колдонулуп, соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Натыйжада өлкө башчы бул боюнча өзүнүн комментарийин берген. Кийин ӨКМ да түшүндүрмө берип, 21-июнда аталган тик учакты Афтандил Сабырбеков аттуу адам бир саатка ижарага алуу боюнча келишим түзүп, акчасын төлөгөнүн билдирди.
Чүйдө жана Бишкекте үч баңгизат лабораториясы аныкталды. Видео