Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит камакка алынды

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган эки адам тең мефедрон сатууга шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-Июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча шектелүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин укук коргоо органдарындагы өздүк булактарынан Сабырбеков менен кошо анын агасы дагы кармалганы белгилүү болду.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең мефедрон сатууга шектелүүдө. ИИМ кызматкерлери аларды 4-июлда кармаган, эми абакта 3-августка чейин болушат", — дешти ишенимдүү адамдар.

Эске салсак, буга чейин Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит кармалганын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцбаракчасы аркылуу билдирген. Ага чейин Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда ӨКМдин учагы колдонулуп, соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Натыйжада өлкө башчы бул боюнча өзүнүн комментарийин берген. Кийин ӨКМ да түшүндүрмө берип, 21-июнда аталган тик учакты Афтандил Сабырбеков аттуу адам бир саатка ижарага алуу боюнча келишим түзүп, акчасын төлөгөнүн билдирген.
Чүйдө жана Бишкекте үч баңгизат лабораториясы аныкталды. Видео