Акылбек Жапаров: Кыргызстан Россиянын инвестициясына ачык

Октябрь айында Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны жана кыргыз-россия аймактар аралык конференциясы өтүп ага Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Минкаб башчысы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн өкмөттөр аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн, эки өлкөнүн лидерлери товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү максатын койгонун белгиледи.
"Акыркы жылдары аймактар аралык конференция эки өлкөнүн бизнесинин ортосунда тажрыйба алмашуунун жана аймактар ортосундагы кызматташууну чыңдоонун аянтчасы болуп калды", — деди ал.
Жапаров Россия тарапты Кыргызстанда өтө турчу Ысык-Көл инвестициялык-экономикалык форумуна, жеңил өнөр жай көргөзмөсүнө, AGRO EXPO көргөзмөсүнө жана башка иш-чараларга катышууга чакырды.
Мындан тышкары, ал энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууда "Росатом" менен жигердүү кызматташууну белгиледи.
Ошондой эле акыркы 3 жылда билим берүү тармагында жакшы жылыш болгонун, заманбап 9 орус мектебин куруу боюнча келишимге кол коюлганына, Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы түзүлгөнүнө токтолду.
"Октябрь айында Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Быйыл ошондой эле Москвадагы ВДНХда Кыргызстан павильонун ачуу пландалууда", — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан Россиянын инвесторлору үчүн ачык экенин айтып, быйыл россиялык инвесторлор Ысык-Көлдөгү ири "Каркыра" тоо лыжа базасын салып баштай турганын кошумчалаган. Жыйындын соңунда бир катар келишим, документтерге кол коюлган.
Акылбек Жапаров Россиянын банктарын Кыргызстанда филиалдарын ачууга чакырды