Радио

"Кыргыз индустрия" быйыл ККАОнун 100 жылдыгына карата алты ишкана ачат

"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев өндүрүштү өнүктүрүүдө инновациялык технологияларга гана басым жасоо керектигин айтты.
Sputnik
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объектинин ачылышы күтүлүүдө. Ага байланыштуу "Кыргыз индустрия" алты ишкана ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Шамил Борончиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз кийиз", "Кыргыз зоот", "Кыргыз бакча", "Жемиш кампа", "Медикеар", "Кыргыз четтранс" ишканалары ачылып иштей баштады.
"Кыргызстанда өндүрүш экономиканын локомотиви боло алат. Союз маалында өлкөнүн бардык аймагында өндүрүштүк ишканалар бар эле. Тилекке каршы, 90-жылдардан кийин экономикалык-социалдык абалга байланыштуу көбү жабылып, өндүрүштүн темпи төмөндөп кетти. Мына эми мамлекет анын баарын калыбына келтирип, жолго коюунун аракетин жасап жатат. Учурда анын алгачкы көрсөткүчтөрү бар. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объектинин ачылышы күтүлүүдө. Ага байланыштуу "Кыргыз индустрия" алты ишкана ачууну пландап жатат. Алсак, "Кыргыз кийиз", "Кыргыз зоот", "Кыргыз бакча", "Жемиш кампа", "Медикеар", "Кыргыз четтранс" ишканалары ачылып, иштеп баштады. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл чарба багытындагы долбоорлорго да көңүл бурулуп, терини, жүндү иштетүүнү колго алып жатабыз", — деди Борончиев.
Ошондой эле ал өндүрүш тармагында инженерлерге, механиктерге, орто кесиптик билими бар адистерге суроо-талап жогорулап жатканын кошумчалады.