Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киев АКШ берген курал менен Россияга сокку урууга уруксат алууну көздөөдө

Украина АКШ Конгресси жазында колдоп берген жардам ушул кезге чейин келе электигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Киев НАТО саммитинин жүрүшүндө америкалык курал-жарак менен Россия аймактарына сокку урууга салынган тыюуну жойдурууга умтулуп жатат. Бул тууралуу Politico Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермакка таянып жазды.
Буга чейин АКШ мамдепартаментинин өкүлү РИА Новостиге президент Жо Байден Украинага америкалык куралды Харьков облусуна кооптуулук жараткан РФ аймагындагы буталарга контрбатареялык чабуул үчүн колдонууга уруксат бергенин кабарлаган. Анткен менен алыска атылуучу ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталарын жана башка каражаттарды сокку уруу үчүн колдонууга салынган тыюуну күчүндө калтырган.
"Украина НАТО саммитинде америкалык курал-жарак менен Россия аймактарына сокуу урууга уруксат алуу үчүн Байдендин администрациясын кысмакка алууну пландап жатат", — деп жазган басылма.
Гезитке маек берген Ермактын айтымында, Киев биринчи кезекте Россияга ATACMS менен сокку урууга уруксат алуу ниетинде. Мындан тышкары, Байдендин администрациясынан Киевге делген курал-жарактын тизмесин алып, анын жеткириле турган мөөнөтүн аныктоого белсенүүдө.
Ермак АКШ Конгресси жазында колдоп берген жардам ушул кезге чейин келе электигин белгиледи.
Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн стратегиялык коммуникциялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна чектөө киргизген позициясынан тайбай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО Россиянын жеңишине жол бере албайт