ЕТӨФ Кыргызстан жана башка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы кандай өсөрүн көрсөттү

Инфляция боюнча божомолдо мамлекеттердин баарында акча-кредиттик шартты жакшыртуу аракети соңуна чыгары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) аймактык баяндамасында мүчө мамлекеттердин экономикасында алдыдагы 2,5 жылда кандай өсүү болорун божомолдоду.
Тышкы экономикалык конъюнктура жагымдуу болгон шартта жана I кварталдын маалыматын эске алуу менен ЕТӨФ мамлекеттерде экономикалык көрсөткүч жазгы божомолго салыштырмалуу жогору боло турганын билдирүүдө.
Россия экономикасынын 3,4 пайызга өсүшү (күтүлгөндөн да ыкчам) региондогу мамлекеттердин экспорт жана инвестициясына оң таасир этет. Мындан тышкары, эмгек мигранттарынан которулган каражат да жогорулай турганы айтылат. Экономикалык өсүшкө нефть, алтын, металлдардын көбү жана калий жер семирткичтердин кымбатташы да өбөлгө болот. Мында ИДПнын көлөмү Арменияда — 6,3 пайыз, Беларуста — 3,7, Кыргызстанда 4,8, Тажикстанда 7,6 пайызды түзөт. Казакстандын экономикасы экинчи жарым жылдыктан баштап өсүү жолуна түшүп, жыл жыйынтыгы менен 4,3 пайызга жетет.
Инфляция боюнча божомолдо мамлекеттердин баарында акча-кредиттик шартты жакшыртуу аракети соңуна чыгары белгиленген.
Докладда ЕТӨФ өлкөлөрүндөгү финансылык жана макроэкономикалык туруктуулукка жакын арада эч кандай кооптуулук жаралбай турганы айтылат.
Эскерте кетсек, ЕТӨФкө Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикистан мүчө.
Кыргызстанда доллардын курсу үч жылда кандай өзгөрөт