Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жол инспектору менен айтыша кетти. Видео

Патрулдук милициянын маалымат кызматы жарыялаган видеодон эл өкүлү инспекторго дароо эле депутаттык күбөлүгүн көрсөткөнүн байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жол инспектору менен айтыша кеткен видеону патрулдук милициянын маалымат кызматы жарыялады.
Казыбек Эргешов унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы үчүн Ысык-Көлгө бараткан жеринен токтотулган. Видеодон эл өкүлү инспекторго дароо эле депутаттык күбөлүгүн көрсөткөнүн байкоого болот. Буга патрулдук милициянын кызматкери мыйзам алдында баары бирдей экенин эске салды.
Депутат инспекторду "адам эмессиң" деп, пиар менен алектенбөөгө чакырган.
Жыйынтыгында терезени караңгылатууга уруксаты жок экени аныкталып, протокол түзүлдү.
ЖКККББ: жол эрежесин бузгандарды жүргүнчүлөр да аныкташууда