Боору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыгарылды

Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турары, алардын ичинен төртөөнө ылайыктуу донор бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Боору алмаштырылган эки бейтап үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар бир ай адистердин көзөмөлүндө болгон.
1 / 3

Боору алмаштырылган эки бейтап үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

2 / 3

Маалыматка ылайык, алар бир ай адистердин көзөмөлүндө болгон

3 / 3

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун белгиледи

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Ошондой эле учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турары, алардын ичинен төртөөнүн ылайыктуу донор бар экени айтылды. Азыр операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүшүүдө.
Эске салсак, 10-июнда өлкөдө алгачкы жолу акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Алар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгым тарттырбай кымбат медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Операцияга муктаж бейтаптарга боорун берген донорлордун бири үйүнө чыгарылды