Бишкекте эки жаңы автобустук каттам ачылды. Схемасы

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкекте жаңы №25 жана №175 автобус каттамдары иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилген.
№25 автобус Ала-Тоо конушунан чыгып, Ак-Ордону аралап, Ахунбаев көчөсү менен Кара-Жыгачка чейин барат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат.
Ал эми №175 автобус Жаштар кварталынан чыгып 8-кичи район, "Орто-Сай", "Мадина" базарларынан өтүп Жибек Жолу менен Маевка айылына чейин барат. Күн сайын 20 автобус линияга чыгат.
Кондиционери бар. Бишкекте №153 экспресс-автобус жүрө баштайт