Эртең Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат. График

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү, 11-июлда, борбор калаанын айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
Уюмдун бригадалары жабдууларды оңдоо жана башка пландуу иштерди аткарышат.
Чыгыш РЭС:
9:30-17:30 — Эркиндик проспекти, Щербаков, Мусоргского, Херсон, Орозбеков, Боталиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Изюмский жана Мариупольский тар көчөлөрүндө;
9:30-18:00 — Көк-Жар (Конорчок, Тоң, Куйручук, Кулмурзаев, Алма-Ата көчөлөрү) конушунда.
Батыш РЭС:
9:00-17:00 — Фатьянова көчөсүндөгү № 69 үйдө, Гагарин, Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:00-12:00 — Адышев көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
9:00-13:00 — Ак-Ордо конушунда (Тогуз-Канат, Ашар, Саадак көчөлөрү);
9:00-17:00 — Красная жана Асаналиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
13:00-17:00 — Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн бөлүктөрүндө.
Түндүк РЭС:
9:00-17:00 — Ак-Босого (Профессор Зимы, Саадаев, Чүй-22,Чүй-23, Чүй-55 — Чүй-60), Жеңиш (Нурила, Теңир-Тоо, Жеңиш, Жаштык, Пригородная-1 — Пригородная-7) конуштарында;
9:30-17:00 — Троицкая, Патрис Лумумба, Волков, Ильменская, Власов, Садыгалиев, Очаковская жана 9-январь көчөлөрүнүн участкаларында.
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,5 мегаваттык Барскоон кичи ГЭСи курулат