Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 9 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга тогуз миллион сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн "Айыл банк" менен "Элдик банкка" миллиард сом бөлүнгөн.
"Долбоордун алкагында 66 каржылоо субъектине 9 миллион сомдон ашуун суммага жеңилдетилген кредит берилген", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, бийлик ыш менен күрөшүүнүн алкагында аталган долбоорду иштеп чыккан. Анын алкагында 150 миң сомго чейинки насыялар 8-12 пайыз менен кепил боло турган тараптарсыз, баштапкы төлөмсүз берилмекчи.
Радио
Абдикаров: үйгө газды арзан киргизебиз деген шылуундар элди алдоодо