Баткендеги эл аралык маанидеги жолду сел каптады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жаандан Ош — Баткен — Раззаков трассасынын бир нече жерин сел каптап, жол жабылды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
"Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат", — деди Жол кайгуул милициясынан.
Ак-Татыр айылында селдин жолду каптаган учуру видеого түшүп калган. ӨКМ сел Лейлек, Баткен райондорунда жүргөнүн кабарлап, жеринде атайын техника менен куткаруучулар тобу иштеп жатканын кошумчалады.
ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады