Жарым жылда ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар айтылды

Быйыл жарым жылда 70 миңге жакын наристе төрөлсө, алардын 33 370и — кыз, 35 359у — эркек бала.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги алты айдын ичинде кайсы ысымдар эң көп коюлганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, эркектерге Мухаммад, кыздарга Салиха деген аттар эң көп коюлган.
Эркек балдар арасында көп коюлган 10 ысым:
Мухаммад — 3 667;
Умар — 2 181;
Али — 1 659;
Рамазан — 1 428;
Амир — 1 370;
Билал — 1 190;
Усман — 1 096;
Алихан — 1 012;
Нурислам — 930;
Мухаммед — 849.
Кыздар арасында көп коюлган 10 ысым:
Салиха — 2 043;
Фатима — 1 489;
Айлин — 1 451;
Сафия — 1 400;
Амина — 1 389;
Алия — 1 361;
Раяна — 1 273;
Аиша — 1 244;
Хадича — 1 181;
Аруузат — 1 102.
Жалпысынан быйыл жарым жылда өлкөдө 70 миңге жакын ымыркай төрөлсө, алардын 33 370и — кыз бала, 35 359у уул экени кошумчаланды.
Шакиев кыргыз ысымдарын коюп, чет тилдеги мультфильмдерди бөгөттөөгө чакырды