Акылбек Жапаров Россиянын банктарын Кыргызстанда филиалдарын ачууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын ири банктарын Кыргызстанда филиалдарын ачууга чакырды.
Ал соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынында сүйлөдү.
Жапаров өлкөнүн каржы тармагы туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи.
"Тараптардын финансы секторун модернизациялоого жана улуттук валюталар менен эсептешүү үлүшүн көбөйтүүгө умтулуусун эске алуу менен Россиянын Сбербанк, ВТБ, Внешэкономбанк жана Газпромбанк сыяктуу ири мамлекеттик банктарынын Кыргызстандын каржы рыногунда катышуусун маанилүү деп эсептейм", — деген Жапаров.
"Иннопром": Кыргызстан менен Россиянын өз ара соодасын кеңейтүү талкууланды