Административдик имараттарды жеке колго берүүгө жол ачкан мыйзам сунушталды

Бюджетте акчанын, шаарда жер тилкенин тартыштыгын эске алып, эски советтик имараттардын ордуна инвесторлордун көп кабаттуу объектилерди куруу мүмкүндүгүн карап чыгуу зарылдыгы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Административдик имараттарды жеке колдорго берүү мүмкүндүгүн караган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аны Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, мартта Акылбек Жапаров администрациялык имараттарды сатууну караган ченемдик документ иштеп чыгууну тапшырган. Ошондой эле президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын билдирген.
Мындан улам "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөр сунушталууда. Ага ылайык, мамлекеттик маанидеги объектилерди жана турак жай куруу үчүн минкаб менен инвестор түз келишим түзө алат. Ал үчүн инвестор долбоорго 20 миллион доллардан кем эмес акча салышы керек.
Административдик имараттардын көбү тарыхый-маданий мурастар категориясына киргендиктен "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамга дагы өзгөртүү каралган. Ага ылайык, мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги тарыхый-маданий мурас категориясындагы имараттар инвестордун башка имаратына алмаштырылышы мүмкүн.
Чет өлкөлүк инвесторлорго Жер кодексинин талаптары боюнча, жер убактылуу пайдаланууга берилет.
Ошондой эле бюджетте акчанын, шаарда жер тилкесинин тартыштыгын эске алып, эски советтик имараттардын ордуна инвесторлордун көп кабаттуу объектилерди куруу мүмкүндүгүн карап чыгуу зарылдыгы кошумчаланган.
Жаңы Ак үйдүн айланасындагы объектилер боюнча маселе кайра каралат