5 жылда чоң атамдын кабырын таптым! Фашисттик Герман согушунда дайынсыз жоголгондорду издеген урпактар

Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө 2000 000 дой советтик жоокер дайынсыз жоголгону айтылат. Арадан 80 жыл өтсө дагы алардын урпактары издөө иштерин токтотпой келет. Караанына зар болуп, фронттук каттарын сактап артында калган үй бүлө, жакындары жоокерлерди издөө иштерин кантип жүргүзүшүүдө? Жылдаган токтоосуз эмгектердин үзүрү кандай болууда?
Дайынсыз жоголгон жоокердин өмүрүнүн акыркы көз ирмемдери кандай өткөнүн архивдерден таап окуган урпактарынын сезимдери, издөө иштеринин түйшүгү, мамлекеттер тарабынан жүрүп жаткан иштер тууралуу “Кеменгер” уктуруусунда кеп кылдык.