Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Бишкекте саат 17-00!Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта:
ТЭЦ газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулашы мүмкүнБоору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыгарылдыӨлкөгө унаа газын ташуу жанданды, бирок кезек күткөндөр дагы деле арбын
Өлкөгө унаа газын ташуу жанданды, анткен менен айрым май куюучу бекеттерде кезек күткөндөр дагы деле арбын. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер биримдигинин жетекчиси Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Эске салсак, өлкөгө газ Россиядан импорттолот. Эки аптадай мурда анын тартыштыгы байкала баштаган. Россия темир жолдорунда вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам ташып келүүчүлөр газды өз убагында жөнөтө алышкан эмес. Эшатов белгилегендей, июнь айынын аягында ташып келүү токтоп, абалдан чыгууга топтогон запастар жардам берген. "Азыр вагондор келип, газ тез эле "куюлуп" жатат. Бирок айрым май куюучу бекеттерде кечигүүлөр болууда. "Россия темир жолу" көйгөйдү чечсе эле маселе жаралбайт, — деп убадалады ал.
ТЭЦтин бузулган жабдуулары толук калыбына келтириле элек. Көбүн жаңысына алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Талайбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири — аз айлыктын кесепетинен кадрлардын токтобой жатышы. "Энергетиктердин эмгек акысы башка жумушчулардыкынан бир топ артта. Май айынан бери маянаны 15 пайызга көтөрдүк. Жыл соңуна чейин дагы көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бизде ыкчам жумушчулар, отканалар менен турбина цехтеринин машинисттери жетишсиз. Бул маселени чечүү үчүн учурда Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келген кесиптештер менен иштешип жатабыз. Бирок баарынан да жогорку квалификациялуу ширетүүчүлөр жетишпей жатат", — деди Байгазиев. Ал белгилегендей, ТЭЦти газга өткөрүү электр жана жылуулук энергиясына болгон тарифтин бир топ көтөрүлүшүн шартташы мүмкүн.
Боору алмаштырылган эки бейтап үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар бир ай адистердин көзөмөлүндө болгон. Министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун белгиледи. Ошондой эле учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турары, алардын ичинен төртөөнүн ылайыктуу донор бар экени айтылды. Азыр операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүшүүдө. Эске салсак, 10-июнда өлкөдө алгачкы жолу акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Алар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгым тарттырбай кымбат медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
НАТО мамлекеттери өз жеринин "ар бир сантиметрин", керек болсо космостогу территориясын да коргоого даяр. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден Вашингтондо өтүп жаткан НАТО саммитине кайрылып жатып айтканын РИА Новости жазды. "Биз агрессияга жол бербейбиз, НАТО аймагынын ар бир сантиметрин жерде да, сууда да, кибераймак менен космосто да коргойбуз, колубуздан келет", — деген өлкө башчы. Аталган саммитте альянстын Украинадагы жаңжалга көбүрөөк аралашуусуна жана блокту күчөтүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуу каралган. Мындан тышкары, Россия менен Кытай жактан "жаралып жаткан" кооптуулуктарга каршы туруу багыты аныкталган. Байден сүйлөп жатып жаңылып да кетти. "Путин Украинаны биротоло багындырып алуу ниетинде. Украин демократиясын, Уран маданиятын жок кылууну көздөп жатат", — деди президент. Анткен менен жаңылганын сезип, кайра "украин маданиятын" деп сөзүн оңдоп кетти.