Кыргызстандагы банктардын депозиттик жана кредиттик портфелдери өсүүсүн улантууда. Бирок доллар менен салынган жана алынган каражаттын көлөмү азайды. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аймактык баяндамасында айтылат.Эске салсак, депозиттик база депозиттердин көлөмүнөн гана эмес, учурдагы эсептердеги акчалардан да түзүлөт. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары жөнүндө болуп жатат.Үстүбүздөгү жылдын март айында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу депозиттердин көлөмү негизинен юридикалык жактардын салымынын өсүшүнүн эсебинен 32 пайызга көбөйгөн. Доллардагы депозиттердин үлүшү 45,5 пайызга чейин төмөндөгөн.Кредиттик портфель 25,4 пайызга өскөн. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы керектөө кредити болуп саналат. Насыяларды долларлаштыруу 21,7 пайызга чейин төмөндөгөн.
Кыргызстан "Мир" картасын кайтаруу үчүн өзүнүн программалык камсыздоосун түзөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Росссиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Иннопром-2024" көргөзмөсүнүн алкагындагы иш-чарада айткан.Министр эртең кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында төлөм системаларын кайра жандандыруу маселеси дагы талкууланарын белгиледи.Амангелдиев "Элкарт" системасы негизделген программалык камсыздоо европалык өнөктөштөргө таандык экенин эске салып, мындан улам "Мир" картасынан баш тартууга туура келгенин айтты.
Өлкөдө курулуш ишмердүүлүгү үчүн лицензиянын наркы кескин көтөрүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алган. Мурда лицензия үчүн төлөм миң сом болсо, эми объектилердин категорияларына жана куруучунун жоопкерчилигине жараша бир топ жогору болот. Лицензиялардын жаңы баасы боюнчаюридикалык жакты түзбөгөн жарандар үчүн — 50 миң сом. Юридикалык жак түзгөндөргө: курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин III деңгээли үчүн — 150 миң сом; II деңгээли үчүн — 700 миң сом; I деңгээли үчүн — 1,5 миллион сомду тузот.Курулуш ишинде лицензиянын дубликатын берүү үчүн 5 миң сом төлөөгө туура келет.Лицензия мөөнөтсүз, бирок курулуш нормаларын жана эрежелерин бузган учурда кайтарып алынышы мүмкүн.
НАТО Москва, Пекин жана Нью-Делинин катуулаган таасиринен улам кыйрап жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу америкалык The Hill басылмасынын баяндамачысы Эндрю Латам айтып чыкты.Латамдын айтымында, консенсус негизинде чечим кабыл алуунун катаал процесси динамикалуу көп полярдуу дүйнөгө ылайык келбейт. Ал эми кызыкчылыгы карама-каршы келген айрым мамлекеттердин күчтөнүшү коопсуздук жаатындагы бир катар маселе боюнча орток пикирге келүүнү татаалдаштырат. Дал ушул себептен улам эксперт АКШ менен анын европалык союздаштарын НАТОну сактап кереги барбы деген маселенин үстүндө ойлонуп көрүүгө чакырган.