Акылбек Жапаров Екатеринбургдагы "Иннопром" көргөзмөсүнө барат

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапар менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Екатеринбургда Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен бирге "Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону" темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө.
Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.
Москвада эл аралык коопсуздук боюнча конференция өтөт