Жалал-Абадда жар көчүп, 2 жана 4 жаштагы балдарды топурак басып калган

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жар көчүп, эки жаш баланы топурак басып калган. Бөбөктөр ооруканага жетпей үзүлгөн. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.
Каргаша кечээ Дача аймагында болгон. Балдар (2 жана 4 жашта) үйүнүн жанындагы жардын түбүндө ойноп жатышкан. Ошол учурда жар көчүп, балдарды топурак басып калган. Жергиликтүү тургундар аларды алып чыгып, Тез жардам чакырган. Тилекке каршы, балдар ооруканага жетпей үзүлгөн.
Милиция сотко чейинки териштирүү ишин баштады.
Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен унаадагы жаш баланын сөөгү табылды