Мишустин: ЕАЭБ өнөр жай тармагы үчүн арзан кредиттерге 1,8 млрд. рубль бөлөт

Каражат өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн кредиттердин пайыздык ставкасын субсидиялоого жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. ЕАЭБ өнөр жай тармагы үчүн жеңилдетилген насыяга өз бюджетинен 1,8 миллиард рубль бөлөт. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
Ал Екатеринбургда өтүп жаткан "Иннопром — 2024" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.
Мишустиндин айтымында, кеп авто жана авиация өнөр жайы, металлургия, радио жана микроэлектроника, химия жана жеңил өнөр жайы, курулуш материалдарын чыгаруу тууралуу болууда. Баштапкы беш жылда программа тесттик режимде иштейт. Андан ары жакшы уланса каржылоо көбөймөкчү.
"Биз ушундай кылабыз деп сүйлөштүк. Бул биздин ишканаларыбызга союздук рынокто атаандаштыкка жарамдуу, суроо-талапка ээ продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Мишустин.
Ал белгилегендей, өлкөлөр жаңы механизм боюнча өтүнмөлөрдү тандап ала баштады, аларды ишке ашырууга ЕАЭБ бюджетинен 1,8 миллиард рубль бөлүнөт. Каражат өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн кредиттердин пайыздык ставкасын субсидиялоого жумшалат.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанда инфекциялар менен күрөшкөн лаборатория курууну көздөп жатат