Дайынсыз жоокерлердин көрүстөнүнө барган туугандарынын чыгымы төлөнөт. Токтом

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүнө коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби аныкталды. Тиешелүү жобо министрлер кабинетинин 1-июлдагы токтому менен кабыл алынды.
Документтеги негизи учурлар:
жобо "аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" толтурулган жарандардын социалдык корголбогон категорияларына жайылтылат;
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчылары коюлган жерлер жөнүндө маалымат Коргоо министрлиги тарабынан арыз берүү принциби боюнча берилет;
аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүч Коргоо министрлиги аныктаган форма боюнча толтурулат;
Коргоо министрлигине аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү, кыргыз жарандарын аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кабыл алуу, кароо боюнча ишти уюштуруу тапшырылды;
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына чыгымдардын ордун толтуруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт.
Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мина талаасын аралай жети чакырым баскан жарадар жоокер. Видео