Пресс-борбор

Россия Кыргызстанда инфекциялар менен күрөшкөн лаборатория курууну көздөп жатат

Кызматташуунун алкагында дарыгерлерди окутуу, заманбап диагностикалык борборлорду ачуу, жаңы инфекциялар же активдүү вирустардын очоктору пайда болгондо керектүү вакциналарды даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия Кыргызстанда кооптуу инфекциялар менен күрөшкөн биолаборатория курууну пландап жатат. Бул тууралуу РФ Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биокоопсуздугу" аттуу видеокөпүрөгө катышкан.
Академиктин айтымында, максатты ишке ашыруу үчүн РФ бюджетинен каражат каралды.
"Биолабораториянын курулушу Кыргызстандын өзүнөн дагы көз каранды. Жер бөлүнүп берилиши керек. Лаборатория калктуу конуштардан алыс жайгашканы оң. Качан куруларын мен так айта албайм. Бирок мындай лабораторияны ачардан мурун алгач вирусолог, микробиолог сыяктуу адистерди даярдап, тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо керек", — деди Онищенко.
Өткөн жылдын октябрь айында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча меморандумга кол коюлган.
Кызматташуунун алкагында дарыгерлерди окутуу, заманбап диагностикалык борборлорду ачуу, жаңы инфекциялар же активдүү вирустардын очогу пайда болгондо керектүү вакциналарды даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзамды кабыл алуу мезгили келди. Ашимованын маеги