Путин Модинин украин кризисин жөнгө салуу ыкласына ыраазы болду

Моди Москвага 8-июль күнү келген, лидерлер буга чейин Ново-Огареводогу мамлекеттик резиденцияда бейформал жолугушуу өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин украин кризисин тынчтык жолу менен чечүүгө көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Курч маселелерге көңүл буруп жатканыңызга ыраазымын. Украин жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө жасаган аракетиңизди жогору баалайбыз", — деди Путин Моди менен жолугушуп жатып.
Буга чейин Моди көйгөй согуш жолу менен чечилбей турганын белгилеп, Индия бардык тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Эскерте кетсек, Индиянын премьер-министри ушу тапта иш сапар менен Россияда. Бул анын беш жылдан берки биринчи сапары. Моди Москвага 8-июль күнү келген, лидерлер буга чейин Ново-Огареводогу мамлекеттик резиденцияда бейформал жолугушуу өткөргөн болчу.
АКШ мамдепартаменти Модинин Россияга сапарын сындап чыкты