Владимир Путин Нарендра Модини Ново-Огарёводогу резиденциясын кыдыртты. Видео

Кремль лидерлердин бейформал жолугушуусунда тартылган видеолор менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Модини Подмосковьедеги Ново-Огарёво резиденциясынан тосуп алып, бейформал жолугушуу өткөрдү.
Кремль жарыялаган видеолордон өлкө лидерлери жеңил тамактанып, резиденцияны кыдырып сейилдегенин көрүүгө болот. Ошондой эле Россия президенти ардактуу коногуна резиденциянын сарайындагы аргымактарды көрсөткөн.
"Бул — мен жашаган расмий резиденция. Экинчи жагы кесиптештер менен иштеген комплекс", — деген Путин.
Ошондой эле ал Модини премьер-министрлик кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде Индия премьери чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Жавахарлал Нерудан кийин эле үчүнчү жолу кайра шайланып жатканын белгиледи.
"Досумдун үйүндө болуу — бул, албетте, чоң бакыт", — деди Моди.
Эки лидердин расмий сүйлөшүүлөрү бүгүн болмокчу.
Индиянын премьер-министри Москвага барды. Видео