Чагылгандан кантип сактануу керек? ӨКМдин эскертүүсү

Өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз 112 номерине кабарлап коюңуз. Чалуу күнү-түнү акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. ӨКМ күн күркүрөп, чагылган чартылдаган учурдагы коопсуздук чараларын тизмектеди.
Эгерде калктуу конушта болсоңуз терезе, эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз.
Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат.
Уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет.
Бул учурда токойдо болсоңуз ачык жерге шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус.
Көлдө же суу жээгинде калбаңыз. Бийик жерден ойдуңга түшүңүз.
Синоптиктер Кыргызстанда 8-12-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканын билдирүүдө.
Аймактарда кайрадан сел жүрөт! ӨКМ эскертүү берди