Көөнө Сөз

Манасчы "басма-ылоо" деген сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манастагы "басма-ылоо" деген сөз бирөөнүн атын өкүм менен тартып алып мингенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
"Бул сөздүн мааниси — өкүмдүн күчү, зордук менен ат тандап минүү. Минген аты начар болсо же жүрбөй калса башка бирөөнүн тың атын өкүм менен минип кетүү басма-ылоо болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр тилдин байлыгы экенин кошумчалады.