Мамлекеттик лабораторияларга канчалык деңгээлде ишенүүгө болот? ММКФ жообу

Дарыгер ҮБДда жүргүзүлө турган анализдер үчүн жеке лабораторияларга жөнөтсө, жетекчиликке кайрылуу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Камсыздандырылган жарандар үчүн анализдин 50дөн ашык түрү акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММКФ) билдиришти.
Фонд эл арасында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда лабораториялык изилдөөлөр жеке клиникаларга караганда начар жүргүзүлөт деген пикир калыптанганын белгилеп, бул ойду жокко чыгара турган бир нече факт менен бөлүштү.
Заманбап жабдуулар
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун көпчүлүк лабораториялары жеке клиникалардагыдай заманбап автоматтык анализаторлор менен жабдылган. Алар адам факторун толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарып, ката кетирүү ыктымалдыгын азайтат. Анализдердин тактыгын камсыздап, бир эле учурда жана кыска убакытта көп сандагы үлгүлөрдү иштеп чыгууга жөндөмдүү. Бирок микроскоп менен иштөө жана башка атайын процедуралар сыяктуу лаборанттын кийлигишүүсүн талап кылган изилдөөлөр өзгөчө болуп саналат.
Анализдердин сапаты
ҮДБ лабораториялары канды, заараны, боорду деталдуу текшерүүнүн, кандагы микроэлементтерди аныктоо, жугуштуу ооруларга жана башкаларды камтыган анализдердин кеңири спектрин (гематологиялык, жалпы клиникалык, биохимиялык) жүргүзөт. Алардын сапаты стандарттарга жана талаптарга жооп берет.
Камсыздандырылган жарандар үчүн акысыз анализдер
ҮБДда камсыздандырылган жарандар үчүн анализдин 50дөн ашык түрү акысыз жүргүзүлөт. Жеке лабораторияларда ушул сыяктуу кызматтар кымбат. Акысыз текшерилүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге дайындалуу жана дарыгердин жолдомосун алуу сыяктуу эрежелерди сактоо керек.
Көптөгөн камсыздандырылган жарандар укугун билбей өз убагында консультациядан, текшерүүдөн, анын ичинде ҮДБ лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышпайт. Бул өз убагында оорулардын өтүшүп кетишине алып келет. Андыктан кыйынчылыктарды алдын алуу, дарылануу үчүн медициналык жардамга өз убагында кайрылуу сунушталат.
Дарыгер ҮБДда жүргүзүлө турган анализдер үчүн жеке лабораторияларга жөнөтсө жетекчиликке кайрылуу зарыл. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 24 саат бою иштеген 113 ишеним телефону иштейт.
Караколдо 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды