УКМК: Жалал-Абадда кен иштеткендер экологияга 1,8 млрд. сом зыян келтирген

Атайын кызмат бир нече кен казган компания түшүм алчу жерди жараксыз кылганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жалал-Абадда кен иштеткен компаниялар экологияга 1,8 миллирад сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, натыйжада 517 гектардан ашык түшүмдүү жер жараксыз болуп калган.
"2015-2023-жылдар аралыгында Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймагында 40тай кен казуучу компания иш жүргүзгөн. Алар алтындын жана көмүрдүн запасын кайра иштетип, бирок лицензиялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин участокторду рекультивациялашкан эмес. Айрым компаниялар лицензия боюнча 12 метрден ашык казууга болбой турган жерлерди 55 метрге чейинки тереңдикте иштеткени аныкталган. Мындан улам экологияга 1,8 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Тоо-кен компанияларынын ишин көзөмөлдөө максатында өкмөт Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдында "Жалал-Абад кен байлыктары" мамлекеттик ишканасын түзүүнү көздөп жатканы кошумчаланган.
УКМК: Чаткалдагы кенден 1100 тоннадан ашык алтын руда мыйзамсыз чыгарылган