"Иннопром": Кыргызстан менен Россиянын өз ара соодасын кеңейтүү талкууланды

Амангелдиев Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Екатеринбургдагы "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов менен жолугушту.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү, өнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташтык жана инвестициялык долбоорлор талкууланды.
1 / 2

Екатеринбургдагы "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов менен жолугушту

2 / 2

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү, өнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташтык жана инвестициялык долбоорлор талкууланды

Эки министр өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен демилгелердин ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артышкан.
Ошондой эле Амангелдиев Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өкмөт Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз каражатын жана билимин жумшоону каалаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, учурда Екатеринбургда "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров катышууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да көргөзмөгө барары айтылган.
Иш-чара 12-июлга чейин уланат.
Акылбек Жапаров Екатеринбургдагы "Иннопром" көргөзмөсүнө барат