Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду

Буга чейинкиси апрелдин аягында катталган. Анда насыя көлөмү 268,9 миллиард сомго жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл, — Sputnik. Майдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 275 миллиард 748,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган. Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок, өсүш дээрлик 18 миллиард сомду түздү.
Кыргызстандыктар 13,6 миллиард сомго чакан насыя алышкан