Кыргызстан "Мир" картасын тейлөөнү жандандыруу аракетин көрүүдө

Министр "Элкарт" системасы негизделген программалык камсыздоо европалык өнөктөштөргө таандык экенин эске салып, мындан улам "Мир" картасынан баш тартууга туура келгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстан "Мир" картасын кайтаруу үчүн өзүнүн программалык камсыздоосун түзөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Росссиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Иннопром-2024" көргөзмөсүнүн алкагындагы иш-чарада айткан.
Министр эртең кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында төлөм системаларын кайра жандандыруу маселеси дагы талкууланарын белгиледи.
Амангелдиев "Элкарт" системасы негизделген программалык камсыздоо европалык өнөктөштөргө таандык экенин эске салып, мындан улам "Мир" картасынан баш тартууга туура келгенин айтты.
"Учурда бул маселе күн тартибинде турат. Биз эми жаңы программалык камсыздоо түзөбүз. Банктар аралык процессинг борбору өзүнүн продукциясын иштеп чыгууда. Бул процесс бүтсө эле сөзсүз өз ишин жандандырат", — деди министр.
Кыргызстанда доллардын курсу үч жылда кандай өзгөрөт