Адам өмүрүнө забын болгон FlyJump спорт комплексинин ээси үй камагына чыкты

Мыйзам боюнча, анча оор эмес кылмышка айыпталгандар башка жеңилирээк бөгөт чарасын колдонууга болбой турган учурда гана камакка алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бийиктиктен секиргенде арканы үзүлүп кетип адам каза болгон кырсык боюнча Аламүдүн райондук соту FlyJump спорт комплексинин ээсин үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабрлашты.
Ага ылайык, 297-берене ("Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу") анча оор эмес кылмыштарга кирет, ал үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзам боюнча, анча оор эмес кылмышка айыпталгандар башка жеңилирээк бөгөт чарасын колдонууга болбой турган учурда гана камакка алынат.
Ошондой эле сот чечимди кабыл алууда шектүүнүн мурда соттолбогонун, туруктуу жашай турган жери бар экенин жана тергөөдөн жашырынбаганын эске алганы белгиленди.
Эске салсак, Чуңкурчак капчыгайында бийиктиктен секирген эркек киши арканы үзүлүп кетип көз жумган. Кырсык FlyJump спорт комплексинде болгон. Маркумдун жакындары милицияга арыз жазып, спорт комплексинин ээси кармалган.
Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен унаадагы жаш баланын сөөгү табылды