Кыргызстанда депозит менен кредиттердин долларлык үлүшү азайды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын депозиттик жана кредиттик портфелдери өсүүсүн улантууда. Бирок доллар менен салынган жана алынган каражаттын көлөмү азайды. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аймактык баяндамасында айтылат.
Эске салсак, депозиттик база депозиттердин көлөмүнөн (мөөнөттүү жана талап боюнча) гана эмес, учурдагы эсептердеги акчалардан да түзүлөт. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары жөнүндө болуп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын март айында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу депозиттердин көлөмү негизинен юридикалык жактардын салымынын өсүшүнүн эсебинен 32 пайызга көбөйгөн. Доллардагы депозиттердин үлүшү 45,5 пайызга чейин төмөндөгөн (жыл ичинде 1,8 пайызга кемиген).
Кредиттик портфель 25,4 пайызга өскөн (2023 жана 2024-жылдардын мартына салыштырмалуу). Өсүштүн негизги кыймылдаткычы керектөө кредити (66,2 пайыз) болуп саналат.
Насыяларды долларлаштыруу 21,7 пайызга чейин төмөндөгөн (бир жыл ичинде минус 1,2 пайыз).
Кыргызстанда доллардын курсу үч жылда кандай өзгөрөт