Акылбек Жапаров “Иннопром-2024” көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты

Акылбек Жапаров Кыргызстан инвестиция тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн “Иннопромдун” потенциалын пайдаланууга даяр экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Иш сапары менен Россияга барган Акылбек Жапаров “Иннопром-2024” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Иш сапары менен Россияга барган Акылбек Жапаров “Иннопром-2024” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты

2 / 3

Билдирүүгө ылайык, аны менен кошо Екатеринбургдагы көргөзмөнү Россиянын, Тажикстандын жана Беларустун өкмөт башчылары кыдырган

3 / 3

Жапаров Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн "Иннопромдун" катышуусун кеңейтүүгө жана анын потенциалын пайдаланууга даяр экенин белгилеген

Билдирүүгө ылайык, аны менен кошо Екатеринбургдагы көргөзмөнү Россиянын, Тажикстандын жана Беларустун өкмөт башчылары кыдырган.
“Өкмөт башчылар өнөр жай, робот техникасы, санариптик технологиялар, машина куруу жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштаган алдыңкы эл аралык жана россиялык компаниялардын экспозициялары менен таанышты. Алардын көңүлү Кыргызстандын павильонуна да бурулуп, келгендерге инвестициялык долбоорлор жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары көрсөтүлдү”, — деп жазылат маалыматта.
Жапаров Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн "Иннопромдун" катышуусун кеңейтүүгө жана анын потенциалын пайдаланууга даяр экенин белгилеген.
Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн ишине жогорку баасын берди