Радио

Гинеколог: кыздар көбүнчө турмушка чыккандан кийин келишет, бул туура эмес

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу Элнура Азимова эки мүйүздүү жатын тууралуу түшүндүрүп берди.
Sputnik
Айрымдар жатыны эки мүйүздүү болуп төрөлөт, муну эрте жашта эле аныктоого болот. Бул тууралуу Элнура Азимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аялдар 35 жашка чейин балалуу болууга аракет кылышы керек.
"Эки мүйүздүү жатындын да түрлөрү бар. Жатындын бир мүйүзү чоңураак болуп калса бойго бүтүп, кадимкидей эле төрөшөт. Ошондой эле булар гормоналдык жетишсиздиктен улам боюна бүтпөй кыйналышы мүмкүн. Эки мүйүздүү жатын бул тубаса өзгөчөлүк катары бааланат. Ал УЗИге түшкөндө эле дароо билинет. Көп кыздар гинекологго турмушка чыккандан кийин гана келишет. Бул туура эмес. Кызды биринчи этек кири келгенден баштап, эч кандай даттануу жок болсо да бир жылда бир жолу врачка көргөзүп, УЗИге түшүрүп, анализ тапшыртып туруу зарыл. Гормоналдык бузулуулар байкалбаса ушул эле изилдөөлөр менен чектелет. Муну менен катар айрым аялдардын жатыны толук жетилбей калышы (детская матка) мүмкүн. Эгер эрте аныктап, дарылап баштаса калыбына келет. Негизи алгачкы кош бойлуулук 30 жашка чейин болгону оң. Кээ бирлер жүрө берип 35 жашында гана эне болууга кадам таштайт. Ал учурда тобокелдик аябай көп болот", — деди Азимова.
Ал эки мүйүздүү жатынды дары менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.