The Hill: НАТО Москва менен Пекинден улам жок болушу мүмкүн

АКШ менен анын Европадагы союздаштары альянсты сактап калуу канчалык деңгээлде зарыл экенин ойлонушу керектиги белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. НАТО Москва, Пекин жана Нью-Делинин катуулаган таасиринен улам кыйрап жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу америкалык The Hill басылмасынын баяндамачысы Эндрю Латам айтып чыкты.
"Бир полярдуу дүйнө соңуна чыкты, биз көп полярдуулук өкүм сүрө турган жаңы геосаясий доорго кадам таштадык. НАТОнун жаңы реалдуулукка ыңгайлашуусу өтө татаал болот, бул дээрлик мүмкүн эмес, андыктан альянсты сактап калуу ага кеткен убакыт менен ресурска татыбайт", — деп жазды ал.
Латамдын айтымында, консенсус негизинде чечим кабыл алуунун катаал процесси динамикалуу көп полярдуу дүйнөгө ылайык келбейт. Ал эми кызыкчылыгы карама-каршы келген айрым мамлекеттердин күчтөнүшү коопсуздук жаатындагы бир катар маселе боюнча орток пикирге келүүнү татаалдаштырат. Дал ушул себептен улам эксперт АКШ менен анын европалык союздаштарын НАТОну сактап кереги барбы деген маселенин үстүндө ойлонуп көрүүгө чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Стратегия жок. Пентагондун экс-кеңешчиси НАТОнун Украина боюнча аракети тууралуу