Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн ишине жогорку баасын берди

Өкмөт башчы Мишустиндин командасынын күчтүү жактарын санап берген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Михаил Мишустин жетектеген Россия өкмөтүнүн ишин жогору баалады.
Жапаров "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн негизги сессиясына катышкан.

"Михаил Владимировичтин жетекчилиги астында Россиянын өкмөтү айрым эл аралык финансылык жана экономикалык институттардын болжолдоолоруна карабастан олуттуу экономикалык ийгиликтерге жетишкенин белгилегим келет. 2023-жылы орус экономикасы глобалдык кыйынчылыктарга карабай туруктуу өсүштү көрсөттү", — деди ал.

Ал Мишустиндин командасынын күчтүү жактарын санап берген:
жогорку квалификациялуу адистер;
технологиялык лидерликке басым жасоо;
кризисти башкара билүү;
макроэкономикалык туруктуулукка басым жасоо;
инвестициялык жагымдуулукка жетишүү боюнча чараларды көрүү.
Мишустин: ЕАЭБ өнөр жай тармагы үчүн арзан кредиттерге 1,8 млрд. рубль бөлөт