БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Индия Россия менен сүйлөшүп жатканда Украинанын "суверенитетин" сыйлоо зарылдыгын "так көрсөтүп бериши керек". Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэттью Миллер брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Журналисттер НАТО саммитинин алдында Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Россияга келиши боюнча пикирин сурашкан.
"Биз Индия Россия менен сүйлөшүп жатканда, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу БУУ Уставынын негизинде Украинанын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин сактоо менен ишке ашуусу керектигин так көрсөтүүгө чакырабыз", — деген Миллер.
Анын айтымында, Индия — АКШнын толук кандуу жана ачык диалог жүргүзгөн стратегиялык өнөктөшү. Тараптар Вашингтондун Нью-Дели менен Москванын ортосундагы мамилеге "тынчсыздануусу" тууралуу да сүйлөшүшкөн.
Моди Россияга 8-июлда келген. Бул — Индия лидеринин беш жылдан берки алгачкы сапары. Визит башталар алдында премьер Владимир Путинди досум деп, чыдамсыздык менен жолугар ирмемди күтүп жатканын айткан. Моди Индия менен Россиянын стратегиялык кызматташуусу акыркы он жыл ичинде кыйла өнүккөнүн белгиледи.
НАТО саммити 9-11-июль күндөрү Вашингтондо өтөт.