Куйручукка экинчи өмүр тартуулаган акын. Эркаалы Өскөнаалы уулун эскерүү

Sputnik
Акын жана жазуучу Эркаалы Өскөнаалы уулунун сүрөтчү акын экенин калемдештери белгилейт. Ал жаратылышты абдан сүйгөн. Ырлары да абдан сүрөттү. Аралашып жургөндөй таасир калтырат. Ал экинин бири болмок. Бирок аймактын журналистикасын көтөрүү максатында айылга кетип, өмүрүнүн көп бөлүгүн гезитке арнаган жана борбордон алыс жашап калганын тайпалашы, досу, журналист Бейшенбек Калыков белгиледи. Өскөнаалы уулу тарыхый инсан Куйручук тууралуу эл арасынан оозеки материалдарды жыйнап, мыкты эмгек жараткан. Ал кишинин мыкты ата жана жолдош болгонун жубайы Чынара Урсеитова айтты.