Боордун рагын, циррозун алдын албаса абал кооптуу

Sputnik
Цирроз менен боордун рагы адамзатка зыян алып келүүчү өтө опурталдуу оорулардын бири болуп эсептелинерин профессор Зуридин Нурматов билдирди. Жыл сайын дүйнөдө цирроздон эле миллиондон ашык, ал эми боордун рагынан 788 миң адам каза болот. Булардын себептерин анализдөө үчүн илимий-иш жүргүзүлгөн. COVID-19дун адамзаттын ден соолугуна тийгизген таасири эпидемиологиялык абалды жүргүзүүдө кандай кемчиликтер кетери камтылган. Гепатиттин В,С, Д түрүн көзөмөлдөп келгенде эпидемиологиялык кемчиликтер катталып, өлкөдө канчасы каза болгону так болбой жатканын Нурматов белгиледи.
Гепатиттен циррозго, андан ракка өтүп кетип каза болсо, себеби гепатит деп жазылбай, рак катары эсептелип калганы айтылды.